# 74-статья. Шаар куруу, архитектура жана курулуш жагындагы эл аралык кызматташтык

- Документ: [Шаар куруу жана архитектура жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/716)
- Документтеги орду: VII бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 11-январындагы № 1372-XII "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1372-XII
- Кабыл алынган күнү: 11.01.1994
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.01.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2019 года № 66 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере строительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111913)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/716#diff=1033304..1033305>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-680/edition/1033288/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/716/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шаар куруу жана архитектура жөнүндө, 74-статья (06.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-74

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде чет өлкөлүк инвесторлордун катышуусу менен шаар куруу-архитектура иши жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

2. Шаар куруу, архитектура жана курулуш жагындагы кызматташтык Кыргыз Республикасында жана чет өлкөдө архитектура, шаар куруу объектилерин куруунун эки тараптуу жана көп тараптык максаттуу программаларын жана долбоорлорун иштеп чыгуу, ишке ашыруу, аларды биргелешип долбоорлоо; биргелешкен илимий-техникалык жана технологиялык иштеп чыгууларды жана иликтөөлөрдү жүргүзүү; тажрыйба алмашуу; кадрларды даярдоо жана үйрөтүү; симпозиумдарды, конференцияларды, конкурстарды жана кызматташтыктын башка түрлөрүн өткөрүү формасында болот.

3. Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана граждандары чет өлкөдө шаар куруу-архитектура ишин жүргүзүүгө укуктуу.

4. Адаптациялоо жана жергиликтүү шарттарды толук эске алуу жана Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларынын жана мыйзамдарынын талаптарын толук эске алуу максатында чет өлкөлүк граждандар, уюмдар жана фирмалар тарабынан эл аралык контракттарды Кыргыз Республикасынын субъектилеринин катышуусуз толук көлөмдө ишке ашырууга жол берилбейт.

Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу-архитектура ишине чет өлкөлүк фирмалардын, уюмдардын жана чет өлкөлүк жарандардын катышуусу Кыргыз Республикасынын лицензия-уруксат берүү системасынын чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат. (КР 2019-жылдын 18-майындагы N 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев

---

Мурунку берене: [73-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-73)
