# 43-статья. Шаар куруу жана архитектура объектилерин

- Документ: [Шаар куруу жана архитектура жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/716)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 11-январындагы № 1372-XII "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1372-XII
- Кабыл алынган күнү: 11.01.1994
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.01.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-680/edition/1033288/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/716/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шаар куруу жана архитектура жөнүндө, 43-статья (06.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-43

---

реконструкциялоо, реставрациялоо, консервациялоо жана бузуу

1. Реконструкция - жањы турмуштук талаптарга ылайык шаар куруу жа-

на архитектура объектилерин кайра куруу. Архитектура жана шаар куруу объектилерин реконструкциялоо тарыхый мурастын сакталышын гарантиялай турган катуу чектөөлөрдүн негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Реставрациялоо - айрым архитектуралык комплекстерди, комплекс-

тердин бөлүктөрүн, имараттарды жана курулуштарды тарыхый түрүнө келти- рип кайра түзүү. Архитектура жана шаар куруу эстеликтерин реставрациялоо колдонуу- дагы нормативдик-укуктук актыларга ылайык жүргүзүлөт.

3. Консервациялоо - тарыхый жана маданий объектилердин түзүлгөн

абалын белгилүү бир мезгилге сактоо. Шаар куруу жана архитектура объектилерин консервациялоо объектинин эњ алгачкы турпатына кайрылуу максатка ылайыксыз болгондугунан, бирок материалдык маданияттын өзгөчө маанилүү эстелиги катарында милдеттүү түрдө сактоону талап кылгандыктан улам жүргүзүлөт.

4. Бузуу - аймакты натыйжалуу пайдалануу максатында, ошондой эле

мамлекеттик жана коомдук таламдар үчүн эскилиги жеткендигинен улам шаар куруу жана архитектура объектилерин жок кылуу.

5. Шаар куруу жана архитектура эстеликтерин пайдалануучуларга,

алардын ээлерине реконструкциялоо, реставрациялоо, консервациялоо жана бузуу боюнча "өзүм билем деп" иш жүргүзүүгө тыюу салынат.

6. Шаар куруу-архитектура объектилерин реконструкциялоо, реставра-

циялоо, консервациялоо, бузуу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруу, бий- лик органдары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан өз компетенцияларынын чектеринде, программалардын жана коомдук уюмдардын, бирикмелердин, граждандардын кайрылууларынын негизинде кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-42)  
Кийинки берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-44)
