# 41-статья. Пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттин ылайыктуулугун баалоо

- Документ: [Шаар куруу жана архитектура жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/716)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 11-январындагы № 1372-XII "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1372-XII
- Кабыл алынган күнү: 11.01.1994
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.01.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2019 года № 66 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере строительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111913)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/716#diff=1033304..1033305>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-680/edition/1033288/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/716/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шаар куруу жана архитектура жөнүндө, 41-статья (06.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-41

---

1. Ушул статьянын 3-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, курулган объект техникалык регламенттердин талаптарына, ал эми алар күчүнө киргенге чейин - башка ченемдик укуктук актыларга жана долбоордук-сметалык документтерге ылайыктуулугу бааланууга тийиш.

Баалоону жүргүзүүнүн тартиби, ылайыктуулугу бааланууга тийиш болгон объекттердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттин ылайыктуулугун баалоо архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Пайдаланууга киргизилүүчү жеке турак жай курулуш объекттин ылайыктуулугун баалоо менчик ээси тарабынан ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылат, мында объекттин коопсуздук талаптарына ылайыктуулугу үчүн жоопкерчиликти менчик ээси тартат, ал объекттин техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктуулугу жөнүндө кабарландырууну архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүүгө милдеттүү. Эгерде объектти куруу келишимдин негизинде жүзөгө ашырылса, кабарландырууга объекттин менчик ээси менен подряддык курулуш уюмунун ортосундагы объектти кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын көчүрмөсү тиркелет.

4. Шаар куруу комплекстерин, имараттардын жана курулмалардын комплекстерин курууда пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттин ылайыктуулугун баалоо капиталдык курулуштун ар бир объектти боюнча өзүнчө жүзөгө ашырылат.

Белгиленген тартипти бузуу менен курулган объекттерди пайдаланууга жол берилбейт. (КР 2019-жылдын 18-майындагы N 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-40)  
Кийинки берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-42)
