# 40-статья. Автордук, техникалык жана мамлекеттик

- Документ: [Шаар куруу жана архитектура жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/716)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 11-январындагы № 1372-XII "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1372-XII
- Кабыл алынган күнү: 11.01.1994
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.01.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 марта 2009 года № 101 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О градостроительстве и архитектуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202509)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/716#diff=1033299..1033300>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-680/edition/1033288/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/716/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шаар куруу жана архитектура жөнүндө, 40-статья (06.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-40

---

архитектуралык-курулуштук көзөмөл

1. Кыргыз Республикасынын аймагында курулчу объекттер Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү аныктачу тартипте автордук, техникалык жана мамле- кеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлгө алынууга тийиш.

2. Курулуш объекттеринин опурталдуулук даражасы боюнча мамлекеттик

архитектуралык-курулуштук көзөмөлгө же курулуш жумуштарын аткарууда техникалык көзөмөлгө алынчу категорияларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

3. Курулушка автордук көзөмөл эксплуатацияга киргизилчү курулуш

объекттеринин архитектуралык-курулуштук, технологиялык же башка техни- калык чечилиштери долбоордук чечимдерге ылайык келишин камсыздоо макса- тында ишке ашырылат.

4. Курулуш жумуштарынын аткарылышына техникалык көзөмөл архитекту-

ралык-курулуштук, технологиялык же башка техникалык чечилиштердин ыла- йык келишин камсыздоо максатында ишке ашырылат.

5. Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл курулуш процес-

синде аткарылуучу жумуштардын техникалык регламенттердин жана долбоор- дук документтердин талаптарына ылайыктыгын текшерүү максатында ишке ашырылат. (КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылай- ык)

---

Мурунку берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-39)  
Кийинки берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-41)
