# 36-статья. Шаар куруу-архитектура ишинин субъекттеринин өз ара мамилелери

- Документ: [Шаар куруу жана архитектура жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/716)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 11-январындагы № 1372-XII "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1372-XII
- Кабыл алынган күнү: 11.01.1994
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.01.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2019 года № 66 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере строительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111913)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.05.2019 [Закон КР от 18 мая 2019 года № 66 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере строительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111913); 07.07.2014 [Закон КР от 7 июля 2014 года № 115 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О градостроительстве и архитектуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205336); 12.12.2011 [Закон КР от 12 декабря 2011 года № 234 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О градостроительстве и архитектуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203478)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/716#diff=1033304..1033305>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-680/edition/1033288/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/716/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шаар куруу жана архитектура жөнүндө, 36-статья (06.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-36

---

1. Шаар куруу-архитектура ишинин субъекттери өз компетенциясынын чектеринде акысыз, 10 күндүн ичинде:

- шаар куруу-архитектура документтеринин бардык түрлөрүн карап чыгууга жана корутунду (макулдук) берүүгө, ошондой эле шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү башка маселелер боюнча түшүндүрүү берүүгө;

- өздөрүндө болгон маалыматтарды шаар куруу-архитектура документтерин иштеп чыгуучуларга берүүгө.

2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары башкы пландарды, райондорду, кварталдарды деталдык пландаштыруу пландарын иштеп чыгууда жана кабыл алууда тийиштүү аймактын калкынын пикирин эске алуу максатында алар боюнча коомдук угууларды өткөрүүгө милдеттүү.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук угууларды өткөрүүнүн датасы жана убактысы жөнүндө алар өткөрүлүүчү күнгө чейин кеминде 2 ай мурда башкы пландардын, райондорду жана кварталдарды деталдык пландаштыруу пландарынын долбоорлорун бир убакта көрсөтүлгөн органдардын расмий сайтында жана жалпыга жеткиликтүү болгон кызматтык имараттарга жайгаштыруу менен жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калкка маалымдоого милдеттүү. Калк жашаган пункттардын бекитилген генералдык пландары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайттарында жана алардын кызматтык имараттарындагы жалпыга жеткиликтүү жерлерде, топографиялык негиздерин жана алардын координаттарын чагылдыруусуз, калк жашаган пункттарды куруунун схемалары түрүндө жайгаштырылуусу тийиш.

3. Курулуш стадиясында курулуш субъекттери үчүнчү жактарды курулуш объекттери жөнүндө жер участогуна же болбосо кыймылсыз мүлк объектине, үчүнчү жак үчүн көрүнүктүү жерге курулуш ниетинин түрү, курулуш объектинин графикалык сүрөтү, курулуш объектинин параметрлери, объектинин дареги, курулуш субъекттери жөнүндө маалыматтарды (аталышы, байланыш маалыматы, лицензия номери), курулуш зонасын көрсөтүү менен жер участогунун схемасы, долбоордук-сметалык документтердин экспертизасынын он корутундусунун бар экендиги жана ал берилген дата көрсөтүлгөн маалыматты жайгаштыруу аркылуу кабарландырууну камсыз кылууга милдеттүү.

4. Эгерде кыймылсыз мүлк объекттерин куруу жана башка өзгөртүүлөр жеке же юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын түздөн-түз бузган учурда, укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган жактар көрсөтүлгөн объекттердин курулушу жөнүндө чечимге соттук тартипте даттанууга укуктуу.

Жеке же юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузган кыймылсыз мүлк объекттерин курууну же башка өзгөртүүлөрдү жүзөгө ашырууга жол берилбейт.

5. Жер участогун жана курулуш ниетин ишке ашыруу үчүн документтерди белгиленген тартипти бузуу менен берген мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы курулуш субъекттери тарткан чыгымдардын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.

6. Көп квартиралуу үйгө караштуу жер участогунун чек араларын аныктамайынча жана натуралай чыгармайынча жана жайлардын менчик ээлеринин макулдугусуз үйдүн жанындагы жер участогунун аймагына кандай гана болбосун курулушту курууга жол берилбейт.

(КР 2011-жылдын 12-декабрындагы №234, 2014-жылдын 7-июлундагы № 115 , 2019-жылдын 18-майындагы N 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-35)  
Кийинки берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-37)
