# 33-статья. Шаар куруу-архитектура ишиндеги автордук укуктарды

- Документ: [Шаар куруу жана архитектура жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/716)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 11-январындагы № 1372-XII "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1372-XII
- Кабыл алынган күнү: 11.01.1994
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.01.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-680/edition/1033288/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/716/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шаар куруу жана архитектура жөнүндө, 33-статья (06.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-33

---

коргоо

1. Төмөндөгүлөр:

- фирмалык белгиде, долбоордун титулдук барактарында жана чиймеле-

ринде, башка официалдуу документтерде, эстелик такталарында, жарыялан- ган материалдарда өзүнүн ысымын көрсөтүү укугу;

- эгерде автор жана заказчынын ортосундагы келишимде атайылап баш-

кача шарттар белгиленбесе, чыгармачыл эмгегинин жана өзүнүн чыгармачыл продукциясынын бардык натыйжаларына интеллектуалдык менчик катары ээ болуу, пайдалануу жана тескөө укугу;

- долбоорлор жана иштин башка түрлөрү үчүн жана аларды кайталап

пайдалангандык үчүн автордук сыйлык алуу укугу автордук укуктарга ки- рет.

2. Эки же андан ашык авторлордун (соавторлордун) биргелешкен эмге-

ги менен түзүлгөн иштин натыйжаларына тийиштүү автордук укук алардын бардыгына таандык болот жана автордук макулдашуу менен жөнгө салынат, ал эми андай макулдашуу болбогон учурда алардын бардыгына таандык бо- лот.

3. Шаар куруу-архитектура ишинин түздөн-түз катышуучуларынын орто-

сундагы өз ара мамилелер автордун долбоорго, анын ичинде жумушчу долбо- оруна жана автордук көзөмөлгө катышуусунун мүнөзү белгиленген келишим- дик негизде жөнгө салынат.

4. Жумушчу документтерин иштеп чыгуу процессинде жана курулуш иш-

терин жүзөгө ашырууда автордун макулдугу болмоюнча долбоордук чечимдер- ди өзгөртүүгө жол берилбейт. Тургузулган имараттардын жана курулуштардын архитектуралык план- даштырган чечимдерин өзгөртүү архитектура жана курулуш иштери боюнча мамлекеттик органдын жана автордун макулдугу менен жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-34)
