33-статья. Шаар куруу-архитектура ишиндеги автордук укуктарды
Күчүндө · 06.01.2021 редакциясы · IV бөлүм
коргоо
1. Төмөндөгүлөр:
- фирмалык белгиде, долбоордун титулдук барактарында жана чиймеле-
ринде, башка официалдуу документтерде, эстелик такталарында, жарыялан- ган материалдарда өзүнүн ысымын көрсөтүү укугу;
- эгерде автор жана заказчынын ортосундагы келишимде атайылап баш-
кача шарттар белгиленбесе, чыгармачыл эмгегинин жана өзүнүн чыгармачыл продукциясынын бардык натыйжаларына интеллектуалдык менчик катары ээ болуу, пайдалануу жана тескөө укугу;
- долбоорлор жана иштин башка түрлөрү үчүн жана аларды кайталап
пайдалангандык үчүн автордук сыйлык алуу укугу автордук укуктарга ки- рет.
2. Эки же андан ашык авторлордун (соавторлордун) биргелешкен эмге-
ги менен түзүлгөн иштин натыйжаларына тийиштүү автордук укук алардын бардыгына таандык болот жана автордук макулдашуу менен жөнгө салынат, ал эми андай макулдашуу болбогон учурда алардын бардыгына таандык бо- лот.
3. Шаар куруу-архитектура ишинин түздөн-түз катышуучуларынын орто-
сундагы өз ара мамилелер автордун долбоорго, анын ичинде жумушчу долбо- оруна жана автордук көзөмөлгө катышуусунун мүнөзү белгиленген келишим- дик негизде жөнгө салынат.
4. Жумушчу документтерин иштеп чыгуу процессинде жана курулуш иш-
терин жүзөгө ашырууда автордун макулдугу болмоюнча долбоордук чечимдер- ди өзгөртүүгө жол берилбейт. Тургузулган имараттардын жана курулуштардын архитектуралык план- даштырган чечимдерин өзгөртүү архитектура жана курулуш иштери боюнча мамлекеттик органдын жана автордун макулдугу менен жүргүзүлөт.
Берененин тексти 06.01.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
33-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/716/st-33" title="33-статья - Шаар куруу жана архитектура жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>