# 23-статья. Функционалдык-пландаштыруу талаптары

- Документ: [Шаар куруу жана архитектура жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/716)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 11-январындагы № 1372-XII "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1372-XII
- Кабыл алынган күнү: 11.01.1994
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.01.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-680/edition/1033288/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/716/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шаар куруу жана архитектура жөнүндө, 23-статья (06.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-23

---

Төмөндөгүлөр:

- калк жашаган жерлердин табигый жана техногендик таасирлерден ко-

опсуз болушун камсыз кылуу;

- пландаштырылып жаткан иштин табигый чөйрөгө таасирин эске алуу;

- жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу;

- мыйзамдарда белгиленген нормаларга ылайык экологиялык, санитар-

дык-гигиеналык талаптарды аткаруу;

- тарыхый-маданий, табигый мурастардын объектилерин жана аймакта-

рын жана корголуучу табигый ландшафттарды коргоону камсыз кылуу;

- чегинде шаар куруу жана башка чарбалык иш жүргүзүүгө тыюу салын-

ган же чектелген тарыхый, маданий эстеликтердин, табигый ландшафттардын коргоо зоналарынын чек араларын белгилөө;

- социалдык-экономикалык жана нормативдик талаптарды эске алуу ме-

нен тейлөөнүн социалдык чөйрөсүнүн зарыл болгон жыйындысын камсыз кы- луу;

- аймакты функционалдык зоналарга бөлүүнү тартипке келтирүү,

транспорттук байланыштарды жакшыртуу функционалдык-пландаштыруу талап- тарына таандык кылынат. Айрым зоналардын, бөлмөлөр тобунун бири-бири менен өз ара байланы- шына ылайык имараттарда ички мейкиндиктин функционалдык уюштурулушу камсыз кылынууга тийиш.

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-24)
