# 22-статья. Архитектуралык-көркөм талаптар

- Документ: [Шаар куруу жана архитектура жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/716)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 11-январындагы № 1372-XII "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1372-XII
- Кабыл алынган күнү: 11.01.1994
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.01.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 июня 1998 года №85 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О градостроительстве и архитектуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/93)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/716#diff=1033289..1033290>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-680/edition/1033288/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/716/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шаар куруу жана архитектура жөнүндө, 22-статья (06.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-22

---

1. Шаар куруу жана архитектуралык объектилерине:

- композициялык бүтүндүккө жетишүү;

- региондун тарыхый, маданий, улуттук, табигый-климаттык

өзгөчөлүктөрүн чагылдыруу;

- жолун улантуучулукту камсыз кылуу;

- объектилердин сырткы турпатын калыптандыруунун көп түрдүүлүгүнө

жетишүү сыяктуу архитектуралык-көркөм талаптар коюлат.

2. Шаар куруу жана архитектуранын коомдун көркөм-эстетикалык, или-

мий-техникалык критерийлерине жооп берген айрым объектилери архитектура жана шаар куруу өнөрүнүн чыгармаларына таандык деп аныкталышы мүмкүн. Шаар куруу жана архитектура объектилерин архитектура жана шаар куруу өнөрүнүн чыгармаларына таандык деп аныктоо жөнүндө чечим кесиптик би- рикмелер, көз карандысыз эксперименттер жана мамлекеттик башкаруу ор- гандары менен биргелешип коомчулук тарабынан кабыл алынат. Архитектура жана шаар куруу өнөрүнүн чыгармаларын жаратууга жана пайдаланууга байланыштуу мамилелерди жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын автордук укук жөнүндө мыйзамдары жана ушул Мыйзам тарабынан жүзөгө ашырылат. Архитектура жана шаар куруу өнөрчүлүгүнүн чыгармалары элдин мада- ний жана тарыхый энчиси катары корголууга тийиш. (КР 1998-жылдын 27-июнундагы № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-23)
