22-статья. Архитектуралык-көркөм талаптар
Күчүндө · 06.01.2021 редакциясы · III бөлүм
1. Шаар куруу жана архитектуралык объектилерине:
- композициялык бүтүндүккө жетишүү;
- региондун тарыхый, маданий, улуттук, табигый-климаттык
өзгөчөлүктөрүн чагылдыруу;
- жолун улантуучулукту камсыз кылуу;
- объектилердин сырткы турпатын калыптандыруунун көп түрдүүлүгүнө
жетишүү сыяктуу архитектуралык-көркөм талаптар коюлат.
2. Шаар куруу жана архитектуранын коомдун көркөм-эстетикалык, или-
мий-техникалык критерийлерине жооп берген айрым объектилери архитектура жана шаар куруу өнөрүнүн чыгармаларына таандык деп аныкталышы мүмкүн. Шаар куруу жана архитектура объектилерин архитектура жана шаар куруу өнөрүнүн чыгармаларына таандык деп аныктоо жөнүндө чечим кесиптик би- рикмелер, көз карандысыз эксперименттер жана мамлекеттик башкаруу ор- гандары менен биргелешип коомчулук тарабынан кабыл алынат. Архитектура жана шаар куруу өнөрүнүн чыгармаларын жаратууга жана пайдаланууга байланыштуу мамилелерди жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын автордук укук жөнүндө мыйзамдары жана ушул Мыйзам тарабынан жүзөгө ашырылат. Архитектура жана шаар куруу өнөрчүлүгүнүн чыгармалары элдин мада- ний жана тарыхый энчиси катары корголууга тийиш. (КР 1998-жылдын 27-июнундагы № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.01.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/716/st-22" title="22-статья - Шаар куруу жана архитектура жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>