# 20-статья. Инженердик-техникалык жана транспорттук инфраструктура

- Документ: [Шаар куруу жана архитектура жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/716)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 11-январындагы № 1372-XII "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1372-XII
- Кабыл алынган күнү: 11.01.1994
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.01.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-680/edition/1033288/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/716/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шаар куруу жана архитектура жөнүндө, 20-статья (06.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-20

---

объектилери

1. Суу, газ, энергия, жылуулук менен камсыз кылуунун булактар жана

тармактары, канализациянын, байланыштын, автомагистралдардын, темир жолдордун булактары жана тармактары, суу жана аба транспорт объектиле- ри, суу чыгаруу жана ирригация, көпүрөлөр, эстакадалар, өткөөл жолдор жана башка жер үстүндөгү, жер астындагы тармактар жана курулуштар, ин- женердик-техникалык жана транспорттук инфраструктура объектилери болуп саналат.

2. Шаар куруу объектилеринин инженердик-техникалык жана транспорт-

тук өзүнчө инфраструктуралык дењгээли болот. Инженердик-техникалык жана транспорттук-инфраструктура калк жаша- ган жерлерди туруктуу өнүктүрүүнүн талаптары менен байланыштырылууга тийиш.

3. Шаар куруу ресурстарын пайдалануучу ишканалар жана уюмдар мен-

чигинин түрүнө карабастан жашоо-турмуш чөйрөсүнүн, инженердик-техника- лык жана транспорттук инфраструктуранын сапатынын нормативдик дењгээлин жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бюджетке чегерүүлөрүнүн эсе- бинен камсыз кылууга милдеттүү.

4. Региондор аралык, мамлекеттер аралык маанидеги инженердик-тех-

никалык жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү мамлекеттик бийлик органдары тарабынан максаттуу программалардын негизинде мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен камсыз кылынат.

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-21)
