16-статья. Шаар куруу комплекстери
Күчүндө · 06.01.2021 редакциясы · II бөлүм
1. Турак үйлөрдү, коомдук, өнөр жай имараттарын жана башка курулуштарды долбоорлоо, куруу жана пайдаланууга кабыл алуу, шаар куруу комплекстери түрүндө жүзөгө ашырылат.
Турак үйлөрдүн, калкты, ошондой эле өнөр жай объекттерин тейлөө менен байланышкан башка имараттардын жана курулуштардын тобу жана алар жайгашкан инженердик жабдуулардын жана чөйрөнү ыңгайлаштыруунун элементтеринин зарыл түрлөрү менен камсыз кылынган аймак шаар куруу комплекси болуп эсептелет. Шаар куруу комплекстеринин курамы жана чек аралары аймактын көлөмдүк-мейкиндикте уюштурулушунун долбооруна - деталдык пландаштыруунун долбооруна ылайык аныкталат.
3. (КР 2021-жылдын 6-январындагы N 3 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-1. Өнөр жай объекттерин куруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте курулуштардын жана ишке киргизүүчү комплекстердин кезектүүлүгүн эске алуу менен, долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу жолу менен курулуш долбоорлорунун негизинде жүргүзүлөт.
4. (КР 2021-жылдын 6-январындагы N 3 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2019-жылдын 18-майындагы N 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.01.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/716/st-16" title="16-статья - Шаар куруу жана архитектура жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>