# 14-статья. Шаар четиндеги зоналар

- Документ: [Шаар куруу жана архитектура жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/716)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 11-январындагы № 1372-XII "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1372-XII
- Кабыл алынган күнү: 11.01.1994
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.01.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 мая 2013 года № 78 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О градостроительстве и архитектуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203886)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/716#diff=1033301..1033302>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-680/edition/1033288/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/716/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шаар куруу жана архитектура жөнүндө, 14-статья (06.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-14

---

1. Шаар четиндеги зоналардын аймактары - шаарлардын тышкы чек ара-

сына чектеш жактан, шаар менен туруктуу социалдык, эмгектик, өндүрүштүк, экономикалык, рекреациялык жана инфраструктуралык тыкыс байланышта болгон жерлер шаарды аймактык өнүктүрүүнүн резерви болуп са- налат.

2. Шаар четиндеги зоналардын чек араларындагы жерлерди пайдалануу

жана ал жерде шаар куруу ишин жүргүзүү шаардын калкынын жана шаар че- тиндеги зонага кирген административдик-аймактык түзүлүштөрдүн таламда- рын камсыз кылууну эске алуу менен, шаар куруу ишин жөнгө салуунун өз ара макулдашылган принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Шаар четин- деги зонада архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макул- дашылбаган курулушка жол берилбейт. Аймакты пайдалануу жаатында келип чыгуучу талаштар жогору турган уюмдар тарабынан чечилет.

3. Шаар четиндеги зонанын чек арасы шаарларды пландаштыруунун ре-

гионалдык долбоорунун, генералдык пландарынын же башка шаар куруу доку- менттеринин негизинде аныкталат. (КР 2013-жылдын 24-майындандагы №78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-15)
