# 13-статья. Калк жашаган жерлер

- Документ: [Шаар куруу жана архитектура жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/716)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 11-январындагы № 1372-XII "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1372-XII
- Кабыл алынган күнү: 11.01.1994
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.01.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205365)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.07.2014 [Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205365); 10.01.2009 [Закон КР от 10 января 2009 года № 2 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О градостроительстве и архитектуре Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202652); 16.02.2006 [Закон КР от 16 февраля 2006 года №59 "О внесении дополнений и изменений в закон Кыргызской Республики «О градостроительстве и архитектуре Кыргызской Республики»](https://aqlex.ai/kg/doc/1847)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/716#diff=1033303..1033304>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-680/edition/1033288/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/716/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шаар куруу жана архитектура жөнүндө, 13-статья (06.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-13

---

Кыргыз Республикасынын калк жашаган пункттары шаардык (республика- лык, областтык жана райондук маанидеги шаарлар, жана айылдык болуп бөлүнөт.

1. Аткарган милдеттерине жараша калк жашаган пункттар:

- Кыргыз Республикасынын борбору;

- облус борбору;

- район борбору;

- облустук маанидеги шаар;

- райондук маанидеги шаар;

- айылдык аймактын борбору деген статустарга ээ болот.

2. Калктын санына жараша шаардык жана айылдык калк жашаган пункт-

тар:

- 1000 мињден ашык адам жашаган жерлер - эњ ири шаарлар;

- 250 мињден 1000 мињге чейин адам жашаган жерлер - ири шаарлар;

- 100 мињден 250 мињге чейин адам жашаган жерлер - чоњ шаарлар;

- 25 мињден 100 мињге чейин адам жашаган жерлер - орто шаарлар;

- 25 мињге чейин адам жашаган жерлер - чакан шаарлар;

- 5 мињден ашык адам жашаган жерлер - ири айылдык калк жашаган

пункт;

- 5 мињге чейин адам жашаган жерлер - орто айылдык калк жашаган

пункт;

- 1 мињге чейин адам жашаган жерлер - кичине айылдык калк жашаган

пункт деп бөлүнөт.

3. Эл чарбасынын түрлөрү боюнча калк жашаган пункттар:

- көп түрдүү; административдик борборлор; курорттук рекреациялык;

өнөр жайлык; илимий-өндүрүштүк; тышкы транспорттук; аскердик; аг- роөнөржайлык; вахталык; сезондук; багбанчылык-дачалык болуп бөлүнөт.

4. Эл чарбасынын түрлөрү боюнча шаардын же айылдык калк жашаган

пункттардын статусу калктын шаарда жашаган тобуна жана эл чарбасынын басымдуулук кылган түрүнө ылайык белгиленет. Шаарда жашаган топтун ке- минде 30 проценти иштин белгилүү бир түрүндө иштегенде, калк жашаган пункттардын статусу калктын ошол категориясы боюнча берилет.

5. калк жашаган пунктун аймагы жерлердин, жер фондусунун башка ка-

тегорияларынан чек менен бөлүнөт. Калк жашаган пунктун чеги генералдык пландын негизинде белгиленет жана өзгөртүлөт. Калк жашаган пункттардын генералдык пландарынын долбоорлору Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте бекитилет. Калк жашаган пункттардын чегинин айланасындагы жерлер тиешелүү мамлекеттик бийликтер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында болот.

6. Калк жашаган пункттардын чегинин айланасынан:

- турак жай, маданий, турмуш-тиричилик, административдик жана баш-

ка имараттар жана курулуштар курулган жана курулууга тийиш болгон;

- жалпы пайдалануудагы - аянттар, көчөлөр, өткөөлдөр, жолдор жана

башка аймактар;

- сейил бактардын, токойлуу сейил бактардын, гүлзарлардын, бакча-

лардын, бульварлардын, суу жээктеринин;

- өнөр жай, коммуналдык-кампа объектилери курулган же курула тур-

ган:

- тышкы транспорт, байланыш, инженердик коммуникациялар жайгашкан

жерлердин;

- жаратылышты коргоого, рекреациялык ден-соолукту чыњдоого арнал-

ган, тарыхый-маданий жана табигый мурастар жайгашкан жерлердин;

- табигый эстеликтер, жаратылыш, улуттук жана дендрологиялык сейил

бактар, ботаникалык бакчалар, коруктар жайгашкан жерлердин;

- дарылоо жана башка факторлорго ээ болгон жерлердин;

- токойлор, көлмөлөр жайгашкан жерлердин;

- айыл чарбасында пайдаланылган - бак-дарак, жүзүм, огород, чөп

чабык, жайыттар жайгашкан жерлердин;

- жайыт жерлер - шаарларды жана башка калк жашаган пункттарды

өнүктүрүү үчүн резерв катары пайдаланылуучу бош жаткан жерлердин аймак- тары бөлүнүп көрсөтүлөт. (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-февралындагы № 59, 2009-жылдын 10-январындагы № 2, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-14)
