# 12-статья. Өзгөчө жөнгө салынуучу аймактык объектилер жана шаар

- Документ: [Шаар куруу жана архитектура жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/716)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 11-январындагы № 1372-XII "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1372-XII
- Кабыл алынган күнү: 11.01.1994
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.01.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-680/edition/1033288/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/716/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шаар куруу жана архитектура жөнүндө, 12-статья (06.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-12

---

куруу зоналары

1. Ири дарыялардын жана көлдөрдүн айлана-чөйрөсүн, табигый-климат-

тык жана корголуучу зоналардын, коруктардын, жањгак токойлорунун, рек- реациялык жана тарыхый-маданий зоналардын, экологиялык кырсык болгон зоналардын, акмактары үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын борбору

- Бишкек шаары үчүн "өзгөчө жөнгө салынуучу аймактык объектилердин жана

шаар куруу зоналарынын" статусу белгиленет.

2. Өзгөчө жөнгө салынуучу аймактык объектилердин, зоналардын чек

аралары шаар куруу документтеринде аныкталат жана административдик-ай- мактык бөлүнүштүн чек аралары менен төп келбей калышы мүмкүн.

3. Өзгөчө жөнгө салынуучу шаар куруу ишинин объектилерине аймак-

тарды бөлүп берүү жана алардын статусун белгилөө мамлекеттик бийлик ор- гандары тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Өзгөчө жөнгө салуу учурларында шаар куруу ишинин жүзөгө ашыруу-

нун тартиби атайын Мыйзам актылары жана нормативдик актылар тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/716/st-13)
