# КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 28-мартындагы № 1742-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматовду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2012-жылдын 21-февралындагы № 9/130-11 сунуштамасы тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 28-мартындагы № 1742-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматовду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2012-жылдын 21-февралындагы № 9/130-11 сунуштамасы тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1742-V
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.03.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/71545>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-4367/edition/395298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/71545.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 28-мартындагы № 1742-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматовду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2012-жылдын 21-февралындагы № 9/130-11 сунуштамасы тууралуу" токтому (28.03.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/71545

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 28-марты №1742-V Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматовду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2012-жылдын 21-февралындагы № 9/130-11 сунуштамасы тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматовду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын 2012-жылдын 21-февралындагы № 9/130-11 сунуштамасын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасын кароо боюнча атайын депутаттык комиссиянын талдоо-маалымкатын (тиркелет) карап жана талкуулап, бул маселе боюнча атайын депутаттык комиссиянын төрагасы Г.А.Скрипкинанын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 72-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 140-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исхак Айтбаевич Пирматовду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын 2012-жылдын 21-февралындагы № 9/130-11 сунуштамасын канааттандыруудан баш тартылсын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин баш тартуусу ал депутатка карата жазык иши боюнча өндүрүштү болтурбоочу жагдай болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматовго карата жазык иши боюнча өндүрүштү болтурбаган жагдай болуп саналган ушул токтомдун кабыл алынышы жөнүндө үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Саляновага кабарлансын.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору иш боюнча өндүрүш аяктаган күндөн тартып натыйжалар жөнүндө үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине билдирсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Т.З.Зулпукаровго жүктөлсүн.

Төрага

А.Жээнбеков
