# КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 14-мартындагы № 1731-V "Кыргыз Республикасында шахматты кеңири жайылтуу жана өнүктүрүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 14-мартындагы № 1731-V "Кыргыз Республикасында шахматты кеңири жайылтуу жана өнүктүрүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1731-V
- Кабыл алынган күнү: 14.03.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.03.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/71539>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-4361/edition/394956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/71539.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.03.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 14-мартындагы № 1731-V "Кыргыз Республикасында шахматты кеңири жайылтуу жана өнүктүрүү жөнүндө" токтому (14.03.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/71539

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 14-марты №1731-V Кыргыз Республикасында шахматты кеңири жайылтуу жана өнүктүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ага ылайык мамлекет дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзө турган 45-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, спорттун түрү катары шахматты кеңири жайылтуу менен таркатуу жана адамдын ар тараптуу өнүгүүсүнө, сергек жашоо ыңгайын бекемдөөгө, дене-бой жана адеп-ахлактык өркүндөө муктаждыгын калыптандырууга, калктын интеллектуалдык дараметин өстүрүүгө, патриоттуулукка тарбиялоого, элдердин ортосундагы достукту өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган чараларды жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

жарандык коомдун катышуусу менен 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча чараларды көрсүн; Кыргыз Республикасында Шахмат академиясын ачуунун жана мектептерде шахмат ийримдерин жайылтуунун мүмкүнчүлүгүн карасын.

2. Ушул токтомдун аткарылышына контролдоо Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.

Төрага

А.Жээнбеков
