Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Кыргыз Республикасында шахматты кеңири жайылтуу жана өнүктүрүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 14-марты №1731-V Кыргыз Республикасында шахматты кеңири жайылтуу жана өнүктүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ага ылайык мамлекет дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзө турган 45-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, спорттун түрү катары шахматты кеңири жайылтуу менен таркатуу жана адамдын ар тараптуу өнүгүүсүнө, сергек жашоо ыңгайын бекемдөөгө, дене-бой жана адеп-ахлактык өркүндөө муктаждыгын калыптандырууга, калктын интеллектуалдык дараметин өстүрүүгө, патриоттуулукка тарбиялоого, элдердин ортосундагы достукту өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган чараларды жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
жарандык коомдун катышуусу менен 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча чараларды көрсүн; Кыргыз Республикасында Шахмат академиясын ачуунун жана мектептерде шахмат ийримдерин жайылтуунун мүмкүнчүлүгүн карасын.
2. Ушул токтомдун аткарылышына контролдоо Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
Төрага
А.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон