Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамкерчиликке жатпаган же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазалоолордун түрлөрүнө бөгөт коюу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 2-марты № 1691-V "Кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамкерчиликке жатпаган же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазалоолордун түрлөрүнө бөгөт коюу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Сасыкбаева, А.К.Келдибеков, А.Ш.Жээнбеков, Б.А.Мамырова, Б.С.Кадыров, Ш.Айтматова, Р.Б.Жээнбеков, И.Ю.Карамушкина, А.Б.Баатырбеков, Д.Д.Бекешев, А.Т.Алтыбаева тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамкерчиликке жатпаган же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазалоолордун түрлөрүнө бөгөт коюу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (Э.Ж.Алымбеков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага
А.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндөЗакон · 12.07.2012 · № 104 · Күчүн жоготкон