# КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 22-февралындагы № 1653-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 22-февралындагы № 1653-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1653-V
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.11.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/71478>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-4301/edition/690798/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/71478.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 22-февралындагы № 1653-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" токтому (06.11.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/71478

---

КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 14-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 22-февралы №1653-V Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2010-жылдын 23-декабрындагы №30-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

2-пункттун алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитет".

2. 2012-жылдын 19-январындагы №1529-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттагы Агрардык саясат, суу ресурстары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитеттин аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитет".

Төрага

А. Жээнбеков
