# КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 15-февралындагы № 1645-V "Кыргыз элинин даңазалуу уулу Бишкек Баатырдын 310 жылдыгына арналган иш-чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 15-февралындагы № 1645-V "Кыргыз элинин даңазалуу уулу Бишкек Баатырдын 310 жылдыгына арналган иш-чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1645-V
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/71475>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-4298/edition/389561/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/71475.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 15-февралындагы № 1645-V "Кыргыз элинин даңазалуу уулу Бишкек Баатырдын 310 жылдыгына арналган иш-чаралар жөнүндө" токтому (15.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/71475

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 15-февралы №1645-V Кыргыз элинин даңазалуу уулу Бишкек Баатырдын 310 жылдыгына арналган иш-чаралар жөнүндө Быйылкы жылы Бишкек Баатырга 310 жыл жана мурда анын аты менен аталган Кыргыз Республикасынын борборунун тарыхый аталышы калыбына келтирилгендигине 20 жыл толот. Бишкек баатырдын Ата журттун алдындагы өзгөчө эмгегин эске алуу менен кыргыз элинин даңазалуу уулунун жана шаарды негиздөөчүнүн элесине таазим этип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Бишкек Баатырдын 310 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:

- Бишкек Баатырдын 310 жылдыгына арналган иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-январындагы №18-б буйругу менен бекитилген 2012-жылга юбилейлик иш-чаралардын тизмесине киргизүү жана аларды өткөрүүнүн планын иштеп чыгуу;

- аларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү;

- аларды каржылоону республикалык бюджеттин жана демөөрчүлүк жардамдын каражаттарынын эсебинен кароо;

- кабыл алынган чечимдер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2012-жылдын 15-мартына чейин маалымдоо.

2. Бишкек шаарынын мэриясы жана Чүй областынын мамлекеттик администрациясы Бишкек Баатырдын тарыхый ролун иликтөө жана аны пропагандалоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.

Төрага

А.Жээнбеков
