Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «2012-жылда жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 1-февралы №1584-V 2012-жылда жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу 2012-жылда жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри А.А.Карашевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын биринчи вице премьер-министри А.А.Карашевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын чарбакер субъекттери тарабынан 2012-жылда жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүгө даярдануу жана өз убагында жүргүзүү үчүн кечиктирилгис иш-чаралардын планын иштеп чыгууну тездетсин;
- жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана ийгиликтүү жүргүзүү үчүн иш-чаралардын планына ылайык республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн зарыл күйүүчү, майлоочу материалдар, айыл чарба техникасы үчүн запастык бөлүктөр, кредиттик каражаттар, ошондой эле ар бир областтык борбордо үрөн жана жер семирткичтер базарларын же кампаларын ачуу менен сапаттуу үрөндөр жана жер семирткичтер менен камсыз кылуу маселесин чечсин жана жасалган иш жөнүндө маалыматты ушул жылдын 1-майына карата берсин;
- сугат суулары тартыш региондордо азыркы каналдарды ремонттоо жана жаңыларын куруу боюнча иш жүргүзсүн;
- жазгы талаа жумуштарына даярданууда жана жүргүзүүдө республиканын жаз эрте келген региондоруна өзгөчө көңүл бурсун;
- 2011-жылдын 19-январдагы N 12 "Фермерлерге арзан кредит" долбоорун бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык берилүүчү кредиттик портфелдин көлөмүн көбөйтүү жана бюджеттик ссуданы кайтарып берүүнүн мөөнөтүн кредит берилген учурдан тартып мал чарбачылыгы боюнча 3 жылга, ал эми дыйканчылык боюнча 2 жылга чейин узартуу маселелерин карасын;
- кредит берүүнүн башталыш мөөнөтү жөнүндө маалыматты пайыздык ставкаларды жана кредит берүүнү жүзөгө ашыруучу банктардын аталыштарын көрсөтүү менен жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калкка маалымдасын;
- айылдык товар өндүрүүчүлөргө кредиттердин берилишин жана алардын кайтарылышын жеңилдетүү механизмин иштеп чыксын, ошондой эле күрөө менен камсыз кылуунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү карасын;
- кредиттерди берүүнү республиканын областтары жана райондору боюнча тегиз бөлүштүрсүн;
- суу чарба объекттерин жазгы талаа жумуштарына карата даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба департаментине каралган каржы каражаттарынын 70 пайызын ушул жылдын I кварталында которууну камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба департаментин каржылоонун көлөмүн көбөйтүү маселесин карасын;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын экспорттоо боюнча тиешелүү чараларды тез арада иштеп чыгып, аларды кечиктирбестен жүзөгө ашырсын;
- айыл чарба тармагындагы иштерди план ченемдүү жүргүзүү, өндүрүлгөн азыктарды кайра иштетүү, сатуу жана Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин ишин рынок мамилелеринин нугуна келтирүү боюнча стратегиялык программаны иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- республикада минералдык жер семирткич чыгаруучу заводдорду куруу жумуштарын тездетсин, кыртышты бонитировкалоо боюнча лабораториялардын ишин кайра жаңыртсын, акыркы жылдарда ташылып келинип жана пайдаланылып жаткан жер семирткичтердин альтернативдүү түрлөрүн пайдаланууну кеңири жайылтсын;
- республиканын региондорунда которуштуруп айдоону кеңири колдонсун;
- региондордо үрөн өстүрүүчү ири чарбаларды уюштуруу, аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзсүн;
- Суусамыр, Чаткал жайыттарын республиканын областтарынын ортосунда кайра бөлүштүрүү жөнүндө маселени карасын;
- райондордун айылдык округдарынын чек араларын тактоону аяктасын.
3. Айылдык товар өндүрүүчүлөргө, өзгөчө калктын жармач катмарларынан чыккандарга берилүүчү кредиттерди ушул жылдын февралынан тартып каржылоого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө уруксат берилсин.
4. Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында 2012-жылдын 1-июнуна карата угулсун.
5. Республикада 2012-жылда жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн жеке жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ө.Т.Бабановго, Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри С.М.Тынаевге жүктөлсүн жана жазгы талаа жумуштарынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине баа берилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Агрардык саясат, суу ресурстары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Т.М.Узакбаев) жүктөлсүн.
Төрага
А.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №12 "Фермерлерге арзан кредит" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2011 · № 12 · Күчүн жоготкон