# КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 26-январындагы № 1540-V Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 26-январындагы № 1540-V Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1540-V
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/71385>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-4210/edition/388535/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/71385.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 26-январындагы № 1540-V Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" токтому (26.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/71385

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 26-январы № 1540-V Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2011-жылдын 20-октябрында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкү курамда түзүлсүн:

Ө.Ч.Текебаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын теңдемилгечиси;

Д.А.Молдошева - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын теңдемилгечисинин - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү;

Д.И.Нарымбаев - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;

А.Н.Шыкмаматов - Кыргыз Республикасынын юстиция министри, каршы пикирди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароодо Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий өкүлү.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин өкүлдөрү:

- Э.Ж.Алымбеков - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасы;

- А.А.Арапбаев - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин мүчөсү;

- Э.А.Кочкарова - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин мүчөсү;

- А.Г.Бекматов - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин мүчөсү.

2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна 30 календардык күндөн кечиктирбестен киргизсин.

Төрага

А.Жээнбеков
