# КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 26-январындагы №1539-V "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлерди көрсөтүүнү жарыялоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 26-январындагы №1539-V "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлерди көрсөтүүнү жарыялоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1539-V
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/71384>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-4209/edition/388541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/71384.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 26-январындагы №1539-V "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлерди көрсөтүүнү жарыялоо жөнүндө" токтому (26.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/71384

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 26-январы №1539-V Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлерди көрсөтүүнү жарыялоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13 жана 29-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлерди көрсөтүү башталгандыгы жөнүндө жарыялансын.

2. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлерди көрсөтүү укугуна ээ болгон жарандык коом Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын. Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлер боюнча өз сунуштарын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жазуу жүзүндө 2012-жылдын 5-мартына чейин киргизсин.

3. Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлер боюнча келип түшкөн сунуштарды 2012-жылдын 1-апрелине чейин карасын жана мыйзам менен белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

4. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А.Жээнбеков
