# КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 12-январы № 1520-V "2011-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы гранттык Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 12-январы № 1520-V "2011-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы гранттык Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1520-V
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/71376>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-4201/edition/490979/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/71376.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 12-январы № 1520-V "2011-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы гранттык Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтому (12.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/71376

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 12-январы № 1520-V "2011-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы гранттык Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 25-ноябрындагы № 737 токтому) "2011-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы гранттык Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин мүчөлөрүнө ишке тартылган каржы уюмдары менен чарбаларга, ошондой эле ушул долбоордун 1а жана 1б кичи компоненттерине ылайык фермердик чарбаларды колдоо үчүн кредиттер боюнча берүүнүн жана тандап алуунун шарттарына карата кеңири маалымат, ошондой эле айыл чарбасы боюнча USAID долбоорун ишке ашыруу жөнүндө маалымат берсин.

Төрага

А.Жээнбеков
