# КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 11-январындагы №1468-V "2010-жылдын 23-декабрындагы № 30-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 11-январындагы №1468-V "2010-жылдын 23-декабрындагы № 30-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1468-V
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.11.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/71348>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-4186/edition/690764/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/71348.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 11-январындагы №1468-V "2010-жылдын 23-декабрындагы № 30-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (06.11.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/71348

---

КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 14-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 11-январы №1468-V 2010-жылдын 23-декабрындагы № 30-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу Өз ишин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2010-жылдын 23-декабрындагы №30-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1-пунктта:

- төртүнчү абзацтагы "16" деген цифра "13" деген цифра менен алмаштырылсын;

- пункт төмөнкү мазмундагы бешинчи-жетинчи абзацтар менен толукталсын:

"Бүткүл Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети; эсептөө комиссиясы (курамы жыл сайын кайрадан шайланып турат); добуш берүүнүн электрондук тутумун контролдоо боюнча туруктуу комиссия."; 2-пункттагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин аталыштары төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитет; Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитет; Коргоо жана коопсуздук боюнча комитет; Эл аралык иштер боюнча комитет; Агрардык саясат, суу ресурстары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитет; Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитет; Социалдык саясат боюнча комитет; Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитет; Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет; Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитет; Бюджет жана финансы боюнча комитет; Укук тартиби жана мыйзамдуулук боюнча комитет; Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет"; 3-пункт төмөнкү мазмундагы бешинчи-жетинчи абзацтар менен толукталсын: "- 2010-жылдын 29-декабрындагы № 81-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө";

- 2011-жылдын 2-февралындагы № 140-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө";

- 2011-жылдын 21-октябрындагы № 1238-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө".

Төрага

А. Жээнбеков
