Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Кыргыз Республикасынын аймагынан алынып кетүүчү жер семирткичтерге ташып кетүүнүн (экспорттоонун) бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 28-декабры № 1457-V "Кыргыз Республикасынын аймагынан алынып кетүүчү жер семирткичтерге ташып кетүүнүн (экспорттоонун) бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жиберилген (2011-жылдын 16-августундагы № 13-393/16) "Кыргыз Республикасынын аймагынан алынып кетүүчү жер семирткичтерге ташып кетүүнүн (экспорттоонун) бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна төмөнкү түзөтүүлөрдү эске алуу менен макулдук берилсин:
- аталышындагы "ташып кетүүнүн (экспорттоонун)" деген сөздөр "сезондук (ташып кетүү)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. ТН ВЭД 3101 00 000 0 - 3105 коду боюнча классификацияланган 1 кг жер семирткичке 2012-жылдын 1-февралынан 31-июлуна чейин 14 сом өлчөмүндө сезондук (ташып кетүү) бажы алымдарынын ставкасы белгиленсин.";
- 2-пункттагы "ташып кетүүнүн (экспорттоонун)" деген сөздөр "сезондук (ташып кетүү)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"6. Ушул токтом 2012-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирет.".
Төрага
А.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-мартындагы №165 "2011-жылы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 09.03.2012 · № 165 · Күчүн жоготкон