# 2011-жылдын 23-декабры №1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: 2011-жылдын 23-декабры №1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1452-V
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.09.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/71341>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-4179/edition/389991/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/71341.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.09.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2011-жылдын 23-декабры №1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтому (05.09.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/71341

---

КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы №2265-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 23-декабры №1452-V Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү түзүмү аныкталсын:

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги; Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги; Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги; Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги; Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдөн турары белгиленсин:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринен; Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринен; Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министринен; Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министринен; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинен - министринен; Кыргыз Республикасынын министрлеринен; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитетинин төрагасынан.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомдон келип чыгуучу мыйзамдардын долбоорлорун үч айдын ичинде иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А.Жээнбеков
