Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» («Электр жана почта байланышы жөнүндө», «Мунай жана газ жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 22-декабры № 1439-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Мунай жана газ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.А.Аманбаева, Э.Б.Жумалиева тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Мунай жана газ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн негиздемелери менен 5 жумушчу күндүн ичинде Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жиберсин.
3. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А.А.Арапбаев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага
А.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Электр жана почта байланышы жөнүндөЗакон · 02.04.1998 · № 31 · Күчүн жоготкон
- Мунай жана газ жөнүндөЗакон · 08.06.1998 · № 77 · Күчүн жоготкон