КР Жогорку Кенешинин «Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2011-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Карыз алуу (атайын операциялар) (Бишкек – Торугарт жолу, «Транспорттук коридор - 1 ЦАРЭС» үчүнчү долбоор) жөнүндо макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 22-декабры № 1429-V "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2011-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Карыз алуу (атайын операциялар) (Бишкек – Торугарт жолу, "Транспорттук коридор - 1 ЦАРЭС" үчүнчү долбоор) жөнүндо макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 25-октябрындагы № 667 токтому) "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2011-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Карыз алуу (атайын операциялар) (Бишкек - Торугарт жолу, "Транспорттук коридор - 1 ЦАРЭС" үчүнчү долбоор) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга карата өздөрүнүн жазуу жүзүндогү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн негиздемелери менен 5 жумушчу күндүн ичинде Эл аралык иштер жана парламентгер аралык кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жиберсин.
3 Эл аралык иштер жана парламентер аралык кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин комитети (А.Б.Баатырбеков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине киргизсин.
Төрага
А.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-сентябрындагы №667 "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2011-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Карыз алуу…Постановление · 25.10.2011 · № 667
- 2011-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы займ (атайын операциялар) (Бишкек-Торугарт жолу "Транспорттук…Закон · 24.01.2012 · № 1