Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аскердик арналыштагы продукцияны иштеп чыгуу, өндүрүү, пайдалануу, оңдоо, модернизациялоо, пайдалануу мөөнөттөрүн узартуу жана керектен чыгаруу жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 24-ноябры № 1382-V "Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аскердик арналыштагы продукцияны иштеп чыгуу, өндүрүү, пайдалануу, оңдоо, модернизациялоо, пайдалануу мөөнөттөрүн узартуу жана керектен чыгаруу жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 5-октябрындагы № 613 токтом) "Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аскердик арналыштагы продукцияны иштеп чыгуу, өндүрүү, пайдалануу, оңдоо, модернизациялоо, пайдалануу мөөнөттөрүн узартуу жана керектен чыгаруу жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аскердик арналыштагы продукцияны иштеп чыгуу, өндүрүү, пайдалануу, оңдоо, модернизациялоо, пайдалануу мөөнөттөрүн узартуу жана керектен чыгаруу жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында кабыл алынуучу өз чечимдерин Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен макулдашуу Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 3-беренеде көрсөтүлгөн бул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органын кайра карасын.
4. 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 1301-V "Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мүчө-мамлекеттеринин аскердик арналыштагы продукцияны иштеп чыгуу, өндүрүү, пайдалануу, оңдоо, жаңылоо, пайдалануу мөөнөтүн узартуу жана утилдештирүү жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Төрага
А.Келдибеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-октябрындагы № 613 "Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мүчө-мамлекеттеринин аскердик…Постановление · 05.10.2011 · № 613
- 2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин аскердик арналыштагы продукцияны иштеп чыгуу, өндүрүү…Закон · 13.12.2011 · № 237