# КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 1309-V "2010-жылдагы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 1309-V "2010-жылдагы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1309-V
- Кабыл алынган күнү: 17.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/71229>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-4069/edition/490207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/71229.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 1309-V "2010-жылдагы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө" токтому (17.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/71229

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 17-ноябры № 1309-V 2010-жылдагы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө 2010-жылдагы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы М.Д.Абулгазиевдин маалыматын угуп жана бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-июлундагы № 404 токтомун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2010-жылдагы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:

- камсыздандыруу төгүмдөрүн жана мөөнөтү өтүп кеткен карыздарды толук көлөмдө жыйноону жакшыртууга жетишсин;

- камсыздандыруу төлөмдөрү үнүн арналган каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

Төрага

А.Келдибеков
