# КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 1278-V "Автотранспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоонун номерлик белгилерин берүүгө карата жаңы мамилелер жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 1278-V "Автотранспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоонун номерлик белгилерин берүүгө карата жаңы мамилелер жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1278-V
- Кабыл алынган күнү: 04.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/71200>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-4040/edition/732536/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/71200.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 1278-V "Автотранспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоонун номерлик белгилерин берүүгө карата жаңы мамилелер жөнүндө" токтому (04.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/71200

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 4-ноябры № 1278-V Автотранспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоонун номерлик белгилерин берүүгө карата жаңы мамилелер жөнүндө Автотранспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоонун номерлик белгилерин берүүнүн жол-жобосун тартипке келтирүү жана автотранспорт каражаттарынын ээлерин идентификациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:

- автотранспорт каражаттарынын ээлеринин каалоосу боюнча КG символдорунун комбинацияларынан тышкары символдордун ар кандай комбинацияларын тандап алууну эске алуу менен жеке (аты жазылган) мамлекеттик каттоонун номерлик белгилерин берүүнүн механизмин иштеп чыксын;

- автотранспорт каражаттарынын ээлеринин каалоосу боюнча символдордун ар кандай комбинацияларын тандап алууну эске алуу менен жеке (аты жазылган) мамлекеттик каттоонун номерлик белгилерин берүүнүн наркын аныктасын;

- жеке (аты жазылган) мамлекеттик каттоонун номерлик белгилерин берүүдөн түшүүчү каражаттарды мамлекеттик бюджетти толтурууга багыттасын;

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.

2. 2005-жылдын 19-апрелиндеги № 166-III "МР" сериясындагы мамлекеттик жаңы номерлик белгилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (И.А.Пирматов), ошондой эле Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Д.Д.Бекешев) жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

А.Келдибеков
