Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку кенешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана Сот-укук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине тапшырма жөнүндө
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 13-октябры № 1150-V Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана Сот-укук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине тапшырма жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 23-августундагы № 483 токтом) "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргелешип Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Юстиция министрлигинин, прокуратура органдарынын жана ишке тиешеси бар башка мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүн тартуу менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси менен Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө келип түшкөн мыйзам долбоорлорун кароо жана жалпылоо боюнча жумушчу топ түзүү жана жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан бирдиктүү мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Т.Мадылбеков) жана Сот-укук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (С.Н.Жапаров) тапшырылсын.
Төрага
А.Келдибеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы №483 "Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 23.08.2011 · № 483 · Күчүн жоготкон