Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Күйүүчү-майлоочу материалдарды республиканын чегинен мыйзамсыз чыгарып кетүүгө бөгөт коюу боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин жана депутаттар тарабынан көтөрүлгөн кадрлык жана башка маселелерди текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 7-октябры № 1097-V Күйүүчү-майлоочу материалдарды республиканын чегинен мыйзамсыз чыгарып кетүүгө бөгөт коюу боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин жана депутаттар тарабынан көтөрүлгөн кадрлык жана башка маселелерди текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 9-сентябрындагы жыйналышындагы Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ички иштер министрлигинин күйүүчү-майлоочу материалдарды республиканын чегинен мыйзамсыз чыгарып кетүүгө бөгөт коюу боюнча ишин жана депутаттар тарабынан көтөрүлгөн кадрлык жана башка маселелерди иликтөө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Жогорку Кеңештин комитетине тапшырылган. Комиссия тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн учурунда аныкталган кемчиликтер боюнча талкуу жүргүзүлүп, аларды жоюу жана чара көрүү жөнүндө маселе Жогорку Кеңештин Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча комитетинин 2011-жылдын 19-сентябрындагы жыйналышында каралып, ал боюнча чечим кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 6-октябрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин күйүүчү-майлоочу материалдарды республиканын чегинен мыйзамсыз чыгарып кетүүгө бөгөт коюу жана Министрликтин тутуму боюнча кадрлык жана башка маселелерди иликтөөнүн жыйынтыгы жөнүндө маселе каралды жана контрабандалык жол менен Тажикстанга кетип жаткан күйүүчү май, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан курал-жарактардын сатылышы, ээлеген кызмат орундарынан мыйзамсыз бошотулган ички иштер органынын кызматкерлери жана аларды кайрадан ээлеген кызмат орундарына калыбына келтирүү боюнча соттун чечиминин аткарылышы, кызматтык тартиптин абалы жөнүндө, ошондой эле башка бир катар маалыматтары угулду. Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасы Т.Мадылбековдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасы Т.Мадылбековдун баяндамасы маалымат катары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн иштер жетишсиз деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин 2011-жылдын 19-сентябрында кабыл алынган чечиминин аткарылышын контролго алсын;
- 2011-жылга республикалык бюджетте бекитилген көлөмдө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин каржылоону толук камсыз кылуу маселесин чечсин.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 1-бөлүгү (Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) боюнча козголуп, тергелип жаткан № 150-11-91 кылмыш ишин жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренесинин 1-бөлүгү (Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) боюнча козголуп, тергелип жаткан № 150-11-92 кылмыш ишин мыйзамда белгиленген мөөнөттө аяктасын жана мыйзам чегинде чечим кабыл алсын;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети менен биргелешип телефон же байланыштын башка түрлөрү боюнча сүйлөшүүлөрдү тыңшоочу "СОРМ" аппаратынын Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келингендигинин мыйзамдуулугун териштирсин жана укуктук баа берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренеси, 346-беренесинин 2-бөлүгү (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет жасоо), 204-беренесинин 1-бөлүгү (Контрабанда) боюнча "Даннур-юг" жоопкерчилиги чектелген коомдун кызматкерлерине карата козголгон № 86-11-24 кылмыш иши боюнча тергөө-оперативдик топко кирген Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Ж.Керимбаевди, А.Жунусбаевди, А.Абдиевди, А.Алахуновду, Э.Нуралиевди, Н.Таштан уулун жана А.Аккаровду аталган кылмыш иши боюнча мындан аркы тергөө аракеттерин жүргүзүүдөн четтетүү жана мындан аркы тергөө аракеттерин жүргүзүүнү башка тергөө тобуна тапшыруу жөнүндө маселени карап көрүү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынан суралсын.
6. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети менен биргелешип телефон же байланыштын башка түрлөрү боюнча сүйлөшүүлөрдү тыңшоочу "СОРМ" аппаратынын Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келингендигинин мыйзамдуулугун иликтөө жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине тапшырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин 2011-жылдын 19-сентябрында кабыл алынган чечимин аткарсын;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу фактысы боюнча № 150-11-91 кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу Ички иштер министрлигинин өндүрүшүндөгү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 28, 346-беренелеринин 2-бөлүгү (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет жасоо), 204-беренесинин 1-бөлүгү (Контрабанда) боюнча "Даннур-юг" жоопкерчилиги чектелген коомдун кызматкерлерине карата козголгон № 86-11-24 кылмыш иши боюнча тергөө-оперативдик топко кирген Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Ж.Керимбаевди, А.Жунусбаевди, А.Абдиевди, А.Алахуновду, Э.Нуралиевди, Н.Таштан уулун жана А.Аккаровду бул кылмыш иши боюнча мындан аркы тергөө аракеттерин жүргүзүүдөн четтетүү жана мындан аркы тергөө аракеттерин жүргүзүүнү башка тергөө тобуна тапшыруу жөнүндө маселени чечсин.
8. Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине Өкмөт тарабынан атуучу куралдардын чет элдик жарандарга сыйлык катары берилгендигинин мыйзамдуулугун териштирүү тапшырылсын.
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролго алуу жана 2011-жылдын декабрынын аягында маалымат берүү Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Т.Мадылбеков) тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
А.Келдибеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон