# КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-сентябрындагы № 1088-V "Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлер Н.Тюлеевге, Т.Бакир уулуна, Т.Үмөталиевага, С.Дыйкановго, Т.Колубаевге, А.Абышевге, У.Сааданбековго, К.Арабаевге, А.Айтикеевге карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аракеттери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-сентябрындагы № 1088-V "Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлер Н.Тюлеевге, Т.Бакир уулуна, Т.Үмөталиевага, С.Дыйкановго, Т.Колубаевге, А.Абышевге, У.Сааданбековго, К.Арабаевге, А.Айтикеевге карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аракеттери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1088-V
- Кабыл алынган күнү: 30.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/71037>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-3881/edition/352727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/71037.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-сентябрындагы № 1088-V "Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлер Н.Тюлеевге, Т.Бакир уулуна, Т.Үмөталиевага, С.Дыйкановго, Т.Колубаевге, А.Абышевге, У.Сааданбековго, К.Арабаевге, А.Айтикеевге карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аракеттери жөнүндө" токтому (30.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/71037

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 30-сентябры № 1088-V Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлер Н.Тюлеевге, Т.Бакир уулуна, Т.Үмөталиевага, С.Дыйкановго, Т.Колубаевге, А.Абышевге, У.Сааданбековго, К.Арабаевге, А.Айтикеевге карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аракеттери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т.Д.Абдраимовдун Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Биринчи май райондук жана Жогорку сотторунун чечимдерин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин бузулган укуктарын, анын ичинде шайлоого катышуу укугун Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына так ылайык калыбына келтирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин Кыргыз Республикасынын сотторунун чечимдери менен белгиленген укуктарын бузууга жол бергендик үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т.Д.Абдраимов бузууларга жол берген адамдарга карата тиешелүү чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2011-жылдын 29-сентябрындагы токтомун эске алуу менен (А.М.Абышевдин иши боюнча) "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен каралган шайлоочулардын коюлган колдорун текшерүүнүн мөөнөттөрү өтүп кеткендигине байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерге үгүт жүргүзүү үчүн тең шарттарды камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерди колдоп шайлоочулардын койгон колдорун текшерүү аяктады деп эсептесин;

- Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер А.Айтикеевге карата соттун чечимине так ылайык аракеттенсин;

- ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үч күндүк мөөнөттө маалымдасын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Г.А.Скрипкина) жүктөлсүн.

6. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

А.Келдибеков
