# 9-берене. Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/710)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 1-декабрындагы №251 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1362-XII
- Кабыл алынган күнү: 11.01.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 июля 2022 года № 57 "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 ноября 2011 года № 225 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203469)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.11.2011 [Закон КР от 29 ноября 2011 года № 225 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203469); 19.12.1996 [Закон КР от 19 декабря 1996 года №63 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/670)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/710#diff=1174945..1174946>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-674/edition/1174935/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/710/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 9-берене (05.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-9

---

Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары текст боюнча улуттук коопсуздук боюнча мамкомитет) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун органы болуп саналат. Өз кызмат укугуна жараша улуттук коопсуздук тармагына жетекчилик кылат, улуттук коопсуздук органдарынын негизги багыттары боюнча иш алып барат, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугу үчүн жоопкерчиликте болот. Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын карамагындагы областтык, шаардык, райондук улуттук коопсуздук органдарынын, ошондой эле аскердик каршы чалгын органдарынын иш-аракетин багыттап, координациялап жана контролдоп турат; ушул маселелер боюнча улуттук коопсуздук органдар системасында милдеттүү түрдө аткарыла турган буйруктарды, инструкцияларды, көрсөтмөлөрдү чыгарып турат. Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы юридикалык тарап болуп эсептелет, өзүнүн анык жана шарттуу аты, мөөрү жана штампы, банктарда эсеби, анын ичинде валюталык эсептери, негизги фонддору, социалдык-маданий жана медициналык объекттери бар. (КР 1996-жылдын 19-декабрындагы № 63, 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 225 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-10)
