# 4-статья. Жарандардын укугун жана эркиндигин сактоо гарантиясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/710)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 1-декабрындагы №251 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1362-XII
- Кабыл алынган күнү: 11.01.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 июля 2022 года № 57 "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 ноября 2011 года № 225 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203469)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/710#diff=1174945..1174946>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-674/edition/1174935/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/710/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 4-статья (05.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-4

---

Улуттук коопсуздук органдары өз иш-аракетин жүзөгө ашырууда адамдын жана граждандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоого милдеттүү. Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу максатында адамдын жана граждандын укуктары жана эркиндиктери убактылуу чектелиши мүмкүн. Чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана чектерде болушу керек. Ушул Мыйзам менен дагы башка максаттарда укуктарга жана эркиндиктерге чектөөлөр жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралгандан ашык даражада белгилениши мүмкүн эмес. Улуттук коопсуздук органдары жарандын талабы боюнча анын укугунун жана эркиндигинин чектелиши жөнүндө түшүндүрмө берүүгө милдеттүү. Мындай түшүндүрмө жарандын талабы боюнча жазуу жүзүндө берилет. Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук коопсуздук органдарына жашыруун негиздеги ыктыярдуу жардамы жөнүндөгү маалыматтар мамлекеттик сырды түзөт. Улуттук коопсуздук органдарынын жана анын кызматкерлеринин иш-аракети боюнча улуттук коопсуздуктун жогорку органдарына, прокуратурага жана сотко даттанууга болот. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызмат милдетин өтөп жатып, жарандардын укугун жана эркиндигин бузган учурда, тийиштүү Улуттук коопсуздук органы ал укукту жана эркиндикти калыбына келтирүү, зыяндын ордун толтуруу жана күнөөлөрдү жоопко тартуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. (КР 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-5)
