# 26-статья. Ок атуучу куралдарды колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/710)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 1-декабрындагы №251 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1362-XII
- Кабыл алынган күнү: 11.01.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 июля 2022 года № 57 "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-674/edition/1174935/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/710/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 26-статья (05.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-26

---

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери ок атуучу куралдарды дайыма сактоого, алып жүрүүгө, колдонууга жана пайдаланууга укуктуу. Ок атуучу куралдар улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери тарабынан аргасыз чара катары төмөнкү учурларда колдонулат:

- жарандардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч туудурган кол салуудан жана өзүн өзү коргоо, ошондой эле атылма куралды зордук менен басып алуудан коргоо үчүн;

- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо жана кылмышка каршы күрөшүү боюнча кызмат милдеттерин же коомдук парзын өтөп жаткан улуттук коопсуздук, ички иштер органдарынын кызматкерлерине, ички аскердин аскер кызматчыларына, башка адамдарга топтошкон же куралданган кол салуунун, ошондой эле алардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч туудурган башка кол салуунун мизин кайтарыш үчүн;

- улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине кайтаруу тапшырылган адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч туудурган кол салуунун мизин кайтарыш үчүн;

- барымтага кармалган адамдарды бошотуш үчүн;

- жарандардын турак жайларына, маанилүү жана кайтарылуучу объекттерге, мамлекеттик жана коомдук органдардын имараттарына, улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын аскердик же кызматтык наряддарына топтошкон же куралданган кол салуунун мизин кайтарыш үчүн.

Ок чыгаруу - курал колдонуу болуп эсептелет. Курал колдонуудан мурда, анын колдонула тургандыгы тууралуу эскертилиши керек. Эскертүүсүз курал колдонууга - күтүүсүз же куралданган кол салууда, аскер техникасын, транспорт каражаттарын, учуучу аппараттарды колдонуу менен кол салууда, транспорт каражаттары, курал менен камактан качканда, камактагылар жүрүп бараткан каражаттардан түшө качканда, ошондой эле барымтага кармалган адамдарды бошотууда жол берилиши мүмкүн. Эгер андан башка адамдар жапа чеге турган болсо, эгер аялдар жана жашы жетпегендер курал менен кол салбаса, куралдуу каршылык көрсөтпөсө же өмүргө коркунуч келтирип, топтошуп кол салбаса, - аларга карата курал колдонууга жана пайдаланууга тыюу салынат. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери төмөнкү учурларда да курал пайдаланууга укуктуу:

- тревога белгисин берүү же жардам чакыруу үчүн;

- эгерде айдоочу жарандардын өмүрүнө же ден соолугуна ачык коркунуч келтирип жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин токтотуу талабына баш ийбесе, транспорт каражаттарына зыян келтирүү менен токтотуш үчүн;

- жарандардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч туудурган айбанаттарды зыянсыздандыруу үчүн.

Курал колдонгон жана пайдаланган бардык учурларда - улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери айланадагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, жабыр тарткандарга медициналык тез жардам көрсөтүү, ошондой эле алардын тууган-туушкандарына же мыйзамдуу өкүлдөрүнө билдирүү үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү. Ар бир курал колдонгон учур жөнүндө команда боюнча рапорт берилет. Ушул статьянын экинчи бөлүгүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөн маанилүү жана корголуучу объекттердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте бекитилет. VI бөлүк Улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракетин контролдоо жана көзөмөлдөө

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-27)
