# 25-статья. Атайын каражаттарды колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/710)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 1-декабрындагы №251 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1362-XII
- Кабыл алынган күнү: 11.01.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 июля 2022 года № 57 "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-674/edition/1174935/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/710/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 25-статья (05.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-25

---

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери атайын каражаттарды төмөнкү учурларда колдонушат.

1) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо жана кылмышка каршы күрөшүү боюнча кызмат милдетин же коомдук парзын аткарып жатышкан улуттук коопсуздук, ички иштер органдарынын кызматкерлерине, ички аскерлердин аскер кызматчыларына же башка адамдарга кол салуунун мизин кайтарыш үчүн;

2) коопсуздугун коргоо тапшырылган адамдарга кол салуунун мизин кайтарыш үчүн;

3) массалык тополоңго жана коомдук тартипти топтошуп бузууларга тыюу салуу үчүн;

4) ээсинин ким экенине карабастан имараттарга, үйлөргө, курулуштарга жана транспорт каражаттарына кол салуунун мизин кайтаруу, ошондой эле аталган объекттерди басып алуудан бошотуу үчүн;

5) укук бузуучуларды кармоо, аларды улуттук коопсуздук, ички иштер органдарына же башка кызматтык жайга жеткирүү үчүн, кармалгандар, административдик кармоого, камакка алынгандар улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине, улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмышкерлерге каршы күрөш жүргүзүү боюнча кызматтык милдетин аткарып жаткан башка адамдарга моюн сунбаса же каршылык көрсөтсө, эгерде мындай адамдар качып кетиши же айланасындагыларга, же өздөрүнө зыян келтириши мүмкүн деп болжоого жетиштүү негиздер болсо, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине Мыйзамда жүктөлгөн милдеттерин аткарууга атайылап тоскоол болгондорду айдап баруу жана кайтаруу үчүн;

6) Барымтага кармалган адамдарды бошотуу үчүн.

Атайын каражаттардын түрү жана аларды колдонуунун ыкчамдыгы түзүлгөн шартка, кылмыштын жана кылмышкердин мүнөзүнө жараша улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери тарабынан аныкталат. Атайын каражаттарды колдонууда жарандардын ден соолугуна зыян келтирүү мүмкүнчүлүгү эң аз өлчөмдө болушу керек. Атайын каражаттардын толук тизмеси, ошондой эле аларды колдонуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Атайын каражаттарды алар тарабынан жасалган өмүргө коркунуч алып келүүчү кол салуу, топтошуп кол салуу же куралдуу каршылык көрсөтүү учурларын кошпогондо кош бойлуулугу, майыптыгы ачык көрүнүп тургандарга, жашы жете электерге карата колдонууга тыюу салынат. Кызмат учурунда өз коопсуздугун камсыз кылыш үчүн улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери шлем, бронежилет жана башка өзүмдүк коргонуу каражаттарын колдонушат.

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-26)
