# 24-статья. Атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонуу шарттары жана чектери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/710)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 1-декабрындагы №251 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1362-XII
- Кабыл алынган күнү: 11.01.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 июля 2022 года № 57 "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-674/edition/1174935/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/710/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 24-статья (05.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-24

---

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери ушул Мыйзам бекиткен учурларда атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонууга укуктуу. Атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонууну создуктуруу жарандын, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө, ден соолугуна зыяндуу болуп же башка оор кырсыкка алып келе турган учурларды кошпогондо, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонуунун алдында эскертүү жасалышы, жооп алууга жетиштүү убакыт берилиши зарыл. Атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонбоско мүмкүн болбогон учурларда коопсуздук органдардын кызматкерлери жарандардын ден соолугуна, ар-намысына, абийирине жана мүлкүнө азыраак зыян келтирүүгө умтулууга, ошондой эле жабыр тарткандарга медициналык жана башка жардам көрсөтүүгө милдеттүү. Курал колдонуунун натыйжасында жарандардын ден соолугуна зыян келтирилгендиги, жарадар болуусу же өлүмү жөнүндө улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери тез аранын ичинде прокурорго кабарлаш үчүн өзүнүн тикеден-тике башчысына билдирүүгө милдеттүү. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонуу боюнча укугун ашырып жиберсе, Мыйзамда белгиленген тартипте жоопко тартылат. Улуттук коопсуздук органдарынын атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонууга байланышкан шарттарда аракеттенүүгө жарактуу экендигин көрсөтүш үчүн атайын даярдыктан, ошондой эле мезгил-мезгили менен текшерүүдөн (кайра даярдоодон) өтүп турууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-25)
