# 23-статья. Улуттук коопсуздук органдарын финансылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыздандыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/710)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 1-декабрындагы №251 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1362-XII
- Кабыл алынган күнү: 11.01.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 июля 2022 года № 57 "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 января 2021 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросу использования средств, возмещаемых правоохранительными и надзорными органами"](https://aqlex.ai/kg/doc/112173)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.01.2021 [Закон КР от 22 января 2021 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросу использования средств, возмещаемых правоохранительными и надзорными органами"](https://aqlex.ai/kg/doc/112173); 28.07.2015 [Закон КР от 28 июля 2015 года № 202 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111246); 29.11.2011 [Закон КР от 29 ноября 2011 года № 225 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203469); 19.12.1996 [Закон КР от 19 декабря 1996 года №63 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/670)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/710#diff=1174949..1174950>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-674/edition/1174935/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/710/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 23-статья (05.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-23

---

Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, ага баш ийген органдарды, уюмдарды жана мекемелерди финансылоо, материалдык-техникалык жана социалдык-турмуш-тиричилик жактан камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Соттун чечими менен кылмышкер шериктештиктерден белгиленген тартипте алынган жана конфискацияланган автотранспорт, радиоэлектрондук каражаттар, үн жана видеотехника, электрондук-эсептөө каражаттары, оргтехника каражаттары жана башка мүлк Улуттук коопсуздук органдарынын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө пайдаланылат. (Бөлүк КР 2021-жылдын 22-январындагы № 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Темир жол, автомобиль жана аба транспортунда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тизмесин аныктаган коргоо жана стратегиялык объекттерде коопсуздукту камсыз кылууга катышып жаткан Улуттук коопсуздук органдарынын подразделениелери тийиштүү ведомстволордун эсебинен жабдуулар, кызмат жайлары анын ичинде байланыш каражаттар менен камсыз кылынат, тийиштүү ведомстволор, ошондой эле аларды күтүү жана эксплутациялоо боюнча чыгашаларды көтөрөт. Аскердик каршы чалгындоо органдары мындан тышкары Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан аскердик бирикмелердин эсебинен автотранспорт, күйүүчү-майлоочу материалдар курал-жарак жана турмуш үчүн зарыл болгон башка мүлк, ошондой эле турак жай менен камсыз кылынат. Улуттук коопсуздук органдарынын финансы-чарбалык иш-аракети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Өкмөтү тарабынан контролдонот. (КР 1996-жылдын 19-декабрындагы № 63, 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 225, 2015-жылдын 28-июлунда № 202, 2021-жылдын 22-январындагы № 11 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) V бөлүк Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонуусу жөнүндө

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-24)
