# 22-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын маалымат менен камсыз болушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/710)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 1-декабрындагы №251 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1362-XII
- Кабыл алынган күнү: 11.01.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 июля 2022 года № 57 "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-674/edition/1174935/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/710/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 22-статья (05.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-22

---

Улуттук коопсуздук органдарын маалымат менен камсыз кылуу алар алдына коюлган милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон системаны түзүү жана пайдалануу аркылуу жүргүзүлөт. Улуттук коопсуздук органдарынын тергөө укугуна кирген кылмыш кылууга даярданган же аракет кылган, кылмыш кылган, ошондой эле кылмыш кылууга шектүү адамдар жөнүндө билдирүүлөрдү маалыматтар системасына киргизүүнүн негиздери жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча бекитилет. Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгын козгогон укук бузуулар жөнүндө, чет өлкөлүк атайын кызматтардын жана уюмдардын иш-аракети жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу тартиби жана негиздери ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн нормативдик актыларына ылайык түзүлгөн улуттук коопсуздук органдарынын нормативдик актылары менен белгиленет. Жарандарды улуттук коопсуздук органдарынын маалыматтар системасында сакталган мыйзамдын коргоосундагы маалыматтар менен тааныштыруу тартиби жана негиздери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-23)
