# 20-статья. Улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөткөн адамдардын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/710)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 1-декабрындагы №251 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1362-XII
- Кабыл алынган күнү: 11.01.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 июля 2022 года № 57 "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-674/edition/1174935/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/710/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 20-статья (05.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-20

---

Улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөткөн адамдар:

- улуттук коопсуздук органдары менен кызматташуунун жашыруун шарттары жөнүндө келишим түзүүгө;

- улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринен өздөрүнүн максаттары, укуктары жана милдеттери жөнүндө маалымат алууга;

- конспирация максаттарында инсанды шифрдоочу документтерди пайдаланууга;

- келишимде каралган учурларда сыйлык алууга;

- улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөткөн мезгилде ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыянды өндүртүп алууга укуктуу.

Улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөткөн адамдар:

- улуттук коопсуздук органдарынын алдында турган милдеттерди чечүүгө багытталган тапшырмаларды аткарууга;

- улуттук коопсуздук органдары менен келишим түзүлгөн учурда анын шарттарын аткарууга;

- билип туруп жалган же жалаа маалыматтарды берүүгө жол бербөөгө;

- улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөтүүдө билинген, мыйзамдын коргоосундагы маалыматтарды жайылтпоого милдеттүү.

Улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөткөн адамдар билип туруп жалган же жалаа маалымат бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопко тартылышат. Улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөткөн адамдардын укугу жана социалдык коргоо гарантиясы Кыргыз Республикасынын "Оперативдүү-иликтөө иштери жөнүндө" Мыйзамына ылайык камсыз кылынат.

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-21)
