Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
20-статья. Улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөткөн адамдардын укуктары жана милдеттери
Күчүн жоготкон · 05.07.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 5 июля 2022 года № 57.
Улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөткөн адамдар:
- улуттук коопсуздук органдары менен кызматташуунун жашыруун шарттары жөнүндө келишим түзүүгө;
- улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринен өздөрүнүн максаттары, укуктары жана милдеттери жөнүндө маалымат алууга;
- конспирация максаттарында инсанды шифрдоочу документтерди пайдаланууга;
- келишимде каралган учурларда сыйлык алууга;
- улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөткөн мезгилде ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыянды өндүртүп алууга укуктуу.
Улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөткөн адамдар:
- улуттук коопсуздук органдарынын алдында турган милдеттерди чечүүгө багытталган тапшырмаларды аткарууга;
- улуттук коопсуздук органдары менен келишим түзүлгөн учурда анын шарттарын аткарууга;
- билип туруп жалган же жалаа маалыматтарды берүүгө жол бербөөгө;
- улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөтүүдө билинген, мыйзамдын коргоосундагы маалыматтарды жайылтпоого милдеттүү.
Улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөткөн адамдар билип туруп жалган же жалаа маалымат бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопко тартылышат. Улуттук коопсуздук органдарына көмөк көрсөткөн адамдардын укугу жана социалдык коргоо гарантиясы Кыргыз Республикасынын "Оперативдүү-иликтөө иштери жөнүндө" Мыйзамына ылайык камсыз кылынат.
Берененин тексти 05.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Изин суутпай издөө иши жөнүндөЗакон · 16.10.1998 · № 131 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/710/st-20" title="20-статья - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>