# 18-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин укуктук абалы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/710)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 1-декабрындагы №251 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1362-XII
- Кабыл алынган күнү: 11.01.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 июля 2022 года № 57 "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-674/edition/1174935/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/710/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 18-статья (05.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-18

---

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызмат милдетин аткарууда бийликтин өкүлдөрү болуп эсептелип, мамлекеттин коргоосунда болушат. Мыйзам менен тике укук берилген органдар жана кызмат адамдарынан башка эч ким алардын кызмат ишине кийлигишүүгө укуксуз. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин кызмат учурундагы мыйзамдуу талаптары жарандар жана кызмат адамдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөчүлүк, кемсинтүү, каршылык көрсөтүү, опузалоо, өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө коркунуч келтирүү жана кол салуу, ошондой эле алардын кызмат милдетин аткарууга тоскоолдук кылган иш-аракеттери үчүн күнөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүн, алардын өмүрүн, ден соолугун, ар-намысын жана абийирин, ошондой эле мүлкүн кызмат милдетин аткарууга байланыштуу кылмыштуу кол салуудан коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралат. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кызмат милдетин аткарууда кармоого, камакка алууга, ошондой эле өзүн жана буюмдарын, өзүмдүк же пайдаланган транспортун тиешелүү улуттук коопсуздук органдарынын өкүлүсүз текшерүүгө жол берилбейт. Мыйзамга каршы буйрук же көрсөтмө алган учурда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери аны аткарыш үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине: иш таштоо уюштурууга жана аларды өткөрүүгө катышууга; ишкерликтин ар кандай түрлөрүнө катышууга; илимий, окутуучулук, чыгармачылык иштерди, ошондой эле оперативдүү зарылдыктан келип чыккан иштерди кошпогондо ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда кош кызматта иштөөгө тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-19)
