18-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин укуктук абалы
Күчүн жоготкон · 05.07.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 5 июля 2022 года № 57.
18-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 18-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызмат милдетин аткарууда бийликтин өкүлдөрү болуп эсептелип, мамлекеттин коргоосунда болушат. Мыйзам менен тике укук берилген органдар жана кызмат адамдарынан башка эч ким алардын кызмат ишине кийлигишүүгө укуксуз. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин кызмат учурундагы мыйзамдуу талаптары жарандар жана кызмат адамдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөчүлүк, кемсинтүү, каршылык көрсөтүү, опузалоо, өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө коркунуч келтирүү жана кол салуу, ошондой эле алардын кызмат милдетин аткарууга тоскоолдук кылган иш-аракеттери үчүн күнөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүн, алардын өмүрүн, ден соолугун, ар-намысын жана абийирин, ошондой эле мүлкүн кызмат милдетин аткарууга байланыштуу кылмыштуу кол салуудан коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралат. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кызмат милдетин аткарууда кармоого, камакка алууга, ошондой эле өзүн жана буюмдарын, өзүмдүк же пайдаланган транспортун тиешелүү улуттук коопсуздук органдарынын өкүлүсүз текшерүүгө жол берилбейт. Мыйзамга каршы буйрук же көрсөтмө алган учурда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери аны аткарыш үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине: иш таштоо уюштурууга жана аларды өткөрүүгө катышууга; ишкерликтин ар кандай түрлөрүнө катышууга; илимий, окутуучулук, чыгармачылык иштерди, ошондой эле оперативдүү зарылдыктан келип чыккан иштерди кошпогондо ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда кош кызматта иштөөгө тыюу салынат.
Берененин тексти 05.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/710/st-18" title="18-статья - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>