# 12-статья. Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/710)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 1-декабрындагы №251 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1362-XII
- Кабыл алынган күнү: 11.01.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 июля 2022 года № 57 "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112389)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 ноября 2011 года № 225 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203469)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/710#diff=1174945..1174946>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-674/edition/1174935/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/710/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө, 12-статья (05.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-12

---

Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана анын орун басарлары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси, улуттук коопсуздук органдарына жүктөлгөн иш-милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик алат. Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарларынын кызмат ордуна улуттук коопсуздук органдарында 10 жылдан кем эмес кызмат өтөгөн адамдар дайындалат. Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда Коллегия түзүлөт. Төрага жана анын орун басарлары кызмат орду боюнча коллегия мүчөлөрү болуп саналышат. Коллегиянын калган мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет. (КР 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/710/st-13)
