Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети менен Сот-укук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине тапшырма жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 9-сентябры № 987-V Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети менен Сот-укук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине тапшырма жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Дисциплинардык жаза чарасы жосун жасалган күндөн тартып 6 айдан кечиктирилип колдонулушу мүмкүн эместигин эске алып, К.А.Момбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басарынын жана судьясынын жана О.Сыдыковду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат орундарынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштарынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралышынын өз учурунда экендиги жөнүндө, ошондой эле өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 10 судьясын кызмат ордунан четтетүүнүн укукка жатарлыгы менен негиздүүлүгү жана алардын талапкерликтеринин Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан каралышынын мүмкүнчүлүгү тууралуу маселелерди иликтөө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети менен Сот-укук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине тапшырылсын.
Төрага
А.Келдибеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.