# КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 9-сентябрындагы № 973-V "2011-жылдын 9-сентябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 9-сентябрындагы № 973-V "2011-жылдын 9-сентябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 973-V
- Кабыл алынган күнү: 09.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/70941>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-3785/edition/377753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/70941.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 9-сентябрындагы № 973-V "2011-жылдын 9-сентябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (09.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/70941

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 9-сентябры № 973-V 2011-жылдын 9-сентябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 2011-жылдын 9-сентябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин: "Курманжан Датка жылын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; Кыргыз Республикасынын ички иштер министри З.К.Рысалиевдин маалыматы жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "2011-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу;

К.А.Момбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басарынын жана судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө;

К.К.Акназарованы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басарынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө;

О.Сыдыковду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө;

А.А.Гафуровду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө;

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо жөнүндө.

Төрага

А.Келдибеков
